17.10.2018 21:03

Москвада кыргыз жараны 20 миң рубль  пара менен кармалды. Бейкүнөө жигитти чыгарууга жардам керек

Москвада кыргыз жараны 20 миң рубль  пара менен кармалды. Бейкүнөө жигитти чыгарууга жардам керек

Москвада кыргыз жараны 20 миң рубль  пара менен кармалып, 8-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Бул тууралуу Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучу Жылдыз Осмонова өз баракчасында жазып чыкты.

Ага камакка алынган баланын туугандары жардам сурап кайрылышкан.

«Кытайлар иштеткен ишканага текшерүү келип, 8 кишинин документтери туура эмес деп алып кетет.
Алардын ичинде 4 тажик, 4 кытай улутунун өкүлдөрү. 4 тажикти дароо кое берип, кытайларды камайт.
Ошол ишканада котормочу болуп кыргыз бала иштейт экен. Жетекчиси аны «барып, сүйлөшүп чыгарып кел» деп тыйынын берип жиберет. Сүйлөшүп, акчаны берээр замат аркасынан келип «пара бергени үчүн» деп аны кармашат. Эртеден бери ошол жигиттин агасы «кандай кылабыз, кимден жардам сурасак болот» деп тынбай жазып жатат.  Окуя 8-октябрда болуптур, ошондон бери иниси убактылуу кармоочу жайда экен. Тиги ишкананын жетекчиси «иниңди чыгарабыз, кам санаба, 2 адвокат иш алып барып жатат» дептир. Кытайлар сантехника сатып иштешчү экен. Тергөөчүнүн айтымында, мунун баары мыйзамсыз соода-сатыкка байланыштуу», -деп жазат Жылдыз Осмонова. 

Ошондой эле, кыргыз жигиттин тагдырына кейип, кытайлар чыгарып алаарына ишене албай турганын кошумчалайт.